Маалыматтык технологиялар бөлүмүндө адистик боюнча ата-энелерге маалымат берилген жыйын өттү.

2026-02-28 05:01:56 84

25.02.2026-жылы ата-энелер жыйыны болуп өттү 2026-жылдын 25-февралында STEM инновациялык колледжинин Маалыматтык технологиялар бөлүмүндө “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” адистигинин ата-энелери үчүн жыйын уюштурулду. Жыйындын негизги максаты — студенттердин окуу жетишкендиктери, тартип маселелери, өндүрүштүк практиканын жүрүшү жана алдыдагы пландар тууралуу ата-энелерге кеңири маалымат берүү болду. Жыйында бөлүм башчы, ф-м.и.к., доцент А.Э. Сатаров сөз сүйлөп, адистиктин өзгөчөлүктөрү, заманбап техникалык базасы жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле студенттердин сабакка катышуусу, билим сапаты жана тартип маселелери боюнча токтолду. Андан соң Окуу-усулдук кеңешинин төрайымы Н. Маликова окуу процессинин уюштурулушу, баалоо системасы жана окуу-усулдук иштердин жүргүзүлүшү жөнүндө кеңири баяндама жасап, аягында ата-энелердин сунуш- пикирлерин аныктоо максатында сурамжылоо ( анкета) алынды. Андан сырткары ар бир куратор студенттердин жеке жетишкендиктери, коомдук иштерге катышуусу жана ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып баруунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат беришти. Жыйын суроо-жооп формасында улантылып, ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Иш-чара жылуу маанайда өтүп, ата-энелер колледж менен кызматташууну мындан ары да бекемдөө ниетин билдиришти.