Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата тарбиялык иш-чара

2026-02-21 09:46:46 37

20-февраль СТЕМ инновациялык колледжинде 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата “Жигитке жетимиш өнөр аз” деген темада 9-базанын 1-курс студенттеринин адистиктеринин ортосунда иш-чара өткөрүлдү. Иш-чараны колледждин директору ф.и.к., доцент Б.К.Абдылакимова ачып берди. Иш-чара жаштарыбыздын ар тараптуу жөндөмүн, билимге болгон умтулуусун жана мекенчилдик сезимин даңазалоону максат кылды. Элибизде “Жигитке жетимиш өнөр аз” деген накыл кеп бекеринен айтылган эмес. Чыныгы жигит — билимдүү, тарбиялуу, кайраттуу, эмгекчил жана мекенин сүйгөн инсан. Ал өз адистигин мыкты өздөштүрүү менен бирге, коомго пайдалуу болууга умтулат. 23-февраль — бул жөн гана календардагы дата эмес. Бул — мекенди коргоо, жоопкерчилик, кайраттуулук жана намыс жөнүндө эскерткен күн. Иш-чарада студенттер өздөрүнүн өнөрүн, талантын жана биримдигин көрсөтүштү. Ар бир адистик өзүнүн күчүн, чыгармачылыгын жана ынтымагын даңазалап, чыныгы жигитке мүнөздүү сапаттарды ачып берди. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, баарыбызга жакшы маанай, дем-күч жана унутулгус таасир калтырды.Иш-чараны "Коомдук илимдер жана аскерге чейинки билим берүү" ПЦКнын окутуучулары Тайгараев А., Төлөбаев П.,Кудайбердиев С., Бакиров Э., Токторова Н., Мамитова М. жана Э.Нурбаев уюштурду.