2026-02-14 04:44:42 47
STEM инновациялык колледжинин “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” адистигинде окуган 2-курстун студенттерине конок лекция уюштурулду. Б. Сыдыков атындагы Кыргыз Өзбек эл аралык университетинин Санариптик технологиялар жана информатика кафедрасынын улук окутуучусу Акназар уулу Кадырбек “Corel Draw программасынын интерфейси менен таанышуу” деген темада, М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Бизнес информатика жана маалыматтык экономика кафедрасынын окутуучусу Шакиров Арген Асилбекович “Операциондук система жана компьютердин түзүлүшү” темасында конок лекцияларын өтүп беришти.