2026-02-02 14:58:09 21
2026-жылдын 2-февралында Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжи жана Өзбекстан республикасынын Фергана областынын Маргалаң шаарындагы «Туризм ва Маданий Мерос»техникуму ортосунда "Эки өлкөнүн туризм жана мейманкана бизнеси" темасында онлайн конок лекциясы болуп өттү. Конференцияга Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин директору ф.и.к.,доцент Абдылакимова Бегайым Кенжематовна, «Профессионалдык дициплиналар» бөлүмүнүн башчысы, г.и.к., доцент Сатыбалдиев Байсал Салиевич, STEM Инновациялык колледжинин эл аралык байланыштар боюнча директордун орун басары Шералы уулу Нурбек, STEM Инновациялык колледжинин директордун илимий иштер боюнча орун басары, «Профессионалдык дициплиналар» бөлүмүнүн окутуучусу Абдиев Бектурсун Исламидинович жана ошондой эле колледждин туризм адистигинин студенттери катышышты. Иш-чарада эки өлкөнүн туризм жана мейманкана бизнесин өнүктүрүү темасында эки тараптуу маалымат алмашылып жана студенттердин кызыктырган суроолоруна жооптор берилди. Ошону менен бирге эки тараптын мындан аркы келечектеги эки тараптуу академиялык мобилдүүлүк, студенттер ортосунда практикалык сабактарды жандандыруу маселелери талкууланды. Эки тараптуу кызматташуу жаңы денгээлде улантылышы күтүлүүдө.