Улуттук адабият күнүнө арналган маданий-агартуу иш-чара

2025-12-19 04:40:37 78

Бүгүн STEM инновациялык колледжинде 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чараны кыргыз тили жана адабияты предметинин окутуучулары уюштуруп, кече студенттердин адабиятка болгон кызыгуусун арттырууга багытталды. Иш-чарага тарбия иштери боюнча директордун орун басары, бөлүм башчы, окутуучулар жана студенттер катышты. Коноктор өз сөздөрүндө кыргыз адабиятынын коомдогу орду, эне тилдин тарбиялык жана руханий мааниси тууралуу кеңири кеп кылышты. Айрыкча адабият аркылуу жаштардын дүйнө таанымын кеңейтүү, улуттук аң-сезимди калыптандыруу маселелерине басым жасалды. Маданий кеченин жүрүшүндө кыргыз адабиятынын классик жазуучуларынын жана акындарынын өмүрү менен чыгармачылыгына арналган көркөм окуулар, адабий композициялар жана сахналаштырылган көрүнүштөр студенттер тарабынан тартууланды. Мындай маданий-агартуу иш-чаралары студенттердин интеллектуалдык өнүгүүсүнө, көркөм табитин калыптандырууга жана эне тилге болгон сый-урматын арттырууга зор салым кошот.