2025-12-18 10:25:37 93
ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин Информациялык технологиялар бөлүмүнүн окутуучулары Жусуева Бурулкан , Ажиева Элиза, Монуева Суйумкан “Медицинадагы санариптик технологиялар” аттуу СӨАИ ни кабыл алуу иш-чара өткөрүштү. Анда ОшМУнун медициналык колледжинин Медициналык айым иши, Лаборатордук дартты аныктоо, Профилактикалык стоматология, Дарылоо иши адистиктеринин студенттери өз алдынча иштерин коргошту. Иш чарага медициналык колледжинин методикалык кеңештин төрайымы Арзиева Азиза, директордун тарбия иштери боюнча орун басары Исманилева Жылдыз, клиникалык адистикер бөлүмүнүн башчысы Ташиев Руслан катышып студенттердин өз алдынча иштерин тапшырууда заманбап тиркемелер жана оюндар менен коштолгонуна жогорку баа берип өтүштү.