2025-11-14 06:12:19 29
Ош Мамлекеттик университетинин студенттери арасында өткөрүлгөн 8 спорт түрү боюнча спартакиадага STEM инновациялык колледжинин студенттери активдүү катышып, жогорку даярдыкты жана биримдикти көрсөтүштү. Мелдештин жыйынтыгында биздин колледждин курама командасы мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, жалпы командалык эсепте 3-орунду камсыздады. Бул жетишкендик STEM инновациялык колледжинин студенттеринин эмгегинин, машыктыруучулардын колдоосунун жана үзүрлүү даярдыктын натыйжасы болуп эсептелет.