“Жаштардын демилгелерин колдоо” конкурсу – жеңүүчүлөрдүн бири Мамай уулу Женишбек

2025-11-11 06:45:45 45

“Жаштардын демилгелерин колдоо” конкурсу – жеңүүчүлөрдүн бири Мамай уулу Женишбек Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган “Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү” аттуу конкурс жыйынтыкталды. Аталган конкурс жаштарды жарандуулукка жана мекенчилдикке тарбиялоого, руханий-адептик баалуулуктарды бекемдөөгө, интеллектуалдык жана чыгармачылык өнүгүүгө өбөлгө түзүүгө багытталган. 2025-жылдын 22-октябрындагы конкурстук комиссиянын чечими менен бир катар жаштардын долбоорлору жеңүүчү деп табылды. Алардын арасында Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин окутуучусу Мамай уулу Женишбек өзүнүн “Эко-Арт жашыл демилгеси” аттуу долбоору менен жеңүүчү болду. Бул демилге айлана-чөйрөнү коргоо, жаштарды экологиялык маданиятка үндөө жана чыгармачылык аркылуу экологиялык көйгөйлөргө көңүл буруу максатын көздөйт. Жеңүүчү долбоорлордун ар бирине 200 000 сомго чейин мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.