2025-10-31 03:54:38 66
2025-жылдын 30-октябрь күнү STEM инновациялык колледжинде Алымбек датканын 225 жылдыгына карата " Алымбек баскан кан жол-урпактарга кең жол" деген темада тегерек стол коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдык ПЦКнын окутуучулары Төлөбаев П., Кудайбердиев С., Тайгараев А., Мамитова М., Токторова Н., Бакиров Э., Нурбаев Э. уюштурулду. Тегерек столдун негизги максаты — кыргыз элинин тарыхында өзгөчө из калтырган мамлекеттик жана саясий ишмер, эл башчы Алымбек датканын өмүр жолу, мамлекетти башкаруудагы акылмандыгы жана эл биримдигин чыңдоодогу ролу тууралуу студенттердин тарыхый билимин тереңдетүү, ошондой эле жаштарды патриоттуулукка, тарыхты урматтоого жана мекенчилдикке тарбиялоо болуп эсептелет.Тегерек столго студенттер активдүү катышып, баяндамаларды жасашты.Жогорку деңгээлде даярдалган баяндамаларга ыраазычылык каттар берилип, тегерек стол студенттердин суроо-жооптору менен коштолду.