STEM инновациялык колледжинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери студенттер менен жолугушуу өткөрүштү.

2025-10-30 05:12:34 67

STEM инновациялык колледжинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери студенттер менен жолугушуу өткөрүштү. Иш-чарага Ош ШИИБдин Ак-Буура МБнын ЖИИнин капитаны Джаныбаев Р.Т., ЖИИнин улук лейтенанты Кылычбек уулу Самат, ЖИИнин административдик-текшерүү кызматынын өкүлү милициянын майору Алымкулова Нуржамал Камалдиновна, ага лейтенант Алмазбек кызы Бермет жана Ош ШИИБдин ЭММКАК боюнча ыкчам өкүлү милициянын капитаны Гуламов Илим катышышты. Жолугушуунун максаты – жаштардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу, коомдук тартипти сактоонун маанисин түшүндүрүү жана коопсуз жашоо көндүмдөрүн калыптандыруу болду. Милиция кызматкерлери студенттерге жол кыймылынын коопсуздугу, жөө жүргүнчүлөрдүн жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрмө беришти. Ошондой эле интернеттеги коопсуздук, социалдык тармактардагы жоопкерчиликтүү жүрүм-турум, маалыматты туура колдонуу жана алдамчылык схемаларынан сактануу боюнча да баалуу кеңештер айтылды. Мындан тышкары, жаштар арасында баңгизаттын зыяны, зомбулуктун алдын алуу, мыйзам бузууга алып келүүчү терс көрүнүштөр, үй-бүлөлүк жана коомдук тарбиянын ролу тууралуу кеңири түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү. Жолугушуу жандуу мүнөздө өтүп, студенттер кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Милиция кызматкерлери жаштарды мыйзамды урматтоого, коомдук коопсуздукка кайдыгер карабоого, тартиптүү жана жоопкерчиликтүү жаран болууга чакырышты. Бул жолугушуу студенттер үчүн чоң таасир калтырып, коопсуздук жана тартип маселелеринде өз жоопкерчилигин терең түшүнүүгө өбөлгө түздү.