2025-07-02 10:28:38 15
2025-жылдын июнь айында STEM инновациялык колледжинин директору Абдылакимова Бегайым Кенжематовна Япониянын ветеринария, туризм жана автоунаа тармактарынын жетекчилеринин чакыруусу менен Японияга иш сапар менен барды. Жолугушууда STEM инновациялык колледжинин 10 адистиктеринин студенттерине туура келген Япониядагы эң алдыңкы ири компаниялар менен практикалык жумуш орундарын түзүү жана ал жактан тажрыйба топтоо боюнча келишим түзүштү. Иш сапардын жүрүшүндɵ Бегайым Кенжематовна компаниялар менен жеринен таанышып чыкты.