Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинде бүтүрүү аземи болуп өттү

2025-06-12 06:29:53 132

Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинде бүтүрүү аземи болуп өттү 12-июнь, 2025-жыл — Ош мамлекеттик университетинин алдындагы STEM инновациялык колледжинде бүтүрүү аземи салтанаттуу жана жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул кубанычтуу күнгө колледжди аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр, алардын ата-энелери, окутуучулар, университет жетекчилиги жана ардактуу меймандар күбө болушту. Иш-чаранын ачылышында Ош мамлекеттик университетинин ректору, физика -математика илимдеринин доктору, профессор Кудайберди Гапаралиевич Кожобеков куттуктоо сөзүн сүйлөп, бүтүрүүчүлөрдү жетишкен ийгиликтери менен чын жүрөктөн куттуктады. Ал STEM багытындагы билим бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө эң зарыл болгон тармактардын бири экенин белгилеп, студенттерди алган билимин коомдун өнүгүүсүнө жумшоого үндөдү. Ошондой эле жаш адистерди жаңы ойлорду жаратууга жана жоопкерчиликтүү жаран болууга чакырды. Салтанаттуу иш-чаранын алкагында Ош мамлекеттик университетинин илимий иштер жана эл аралык кызматташтык боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Мапаева Нуржамал Абдиллажановна да сөз сүйлөп, бүтүрүүчүлөрдү колледжди ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. Өзүнүн кайрылуусунда ал STEM инновациялык колледжинин билим берүүдөгү жаңычыл ыкмалары, эл аралык стандарттарга шайкеш программалары жана чыгармачыл кадрларды даярдоодогу ролу чоң экенин баса белгилеп, бүтүрүүчүлөргө дүйнөлүк деңгээлде атаандаш боло ала турган билимге ээ экендиктерин эске салды. Андан соң сөз STEM инновациялык колледжинин директору, философия илимдеринин кандидаты, доцент Абдылакимова Бегайым Кенжематовнага берилди. Ал жүрөк жылыткан сөзүндө бүтүрүүчүлөрдү чоң жашоого аттанып жаткан күндөрү менен куттуктап, аларды алдыдагы максаттарына жетүүдө ийгиликтер коштосун деп тилек айтты. Директор айым бул ийгиликтин артында мугалимдердин, ата-энелердин жана студенттердин талыкпаган эмгеги турганын белгилеп өттү. Быйыл STEM инновациялык колледжинин 31-группа окуусун ийгиликтүү аяктап, бүтүрүүчүлүк дипломдорго ээ болушту. Ар бир бүтүрүүчү — бул заманбап технологияларга, санариптик билимге жана чыгармачылык ой жүгүртүүгө ээ болгон жаңы муундун өкүлү. Салтанат концерттик программа менен коштолуп, студенттер өздөрүнүн талантын ыр, бий жана поэтикалык чыгармалар аркылуу тартуулашты. Бул жагымдуу көрүнүштөр ата-энелердин сыймык көз жашын жана меймандардын жылуу алкоосун жаратты. Бул унутулгус күн STEM инновациялык колледжинин тарыхында дагы бир жаркын барак болуп калды. Бүтүрүүчүлөр үчүн бул – билим менен куралданып, келечекке ишенимдүү кадам таштаган өзгөчө учур болду.