2025-05-29 04:57:30 55
STEM инновациялык колледжинин студенти республикалык чемпионаттан кайтып келди! STEM инновациялык колледжинин 2-курсунун студенти, Газыев Даниярбек, Бишкек шаарында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын чемпионатына катышып, Аскердик кармаш уруш (Армейский рукапашный бой) боюнча өзүнүн күчүн жана чеберчилигин көрсөтүп келди. Газыев Даниярбек — Асс-2-23 тайпасынын студентти, спорттун бул түрү боюнча көп жылдан бери машыгып, тынымсыз аракетинин, сабырдуулугунун жана эрктүүлүгүнүн аркасында “Спорт чебери” наамына ээ болгон. Бул ирет ал республикалык деңгээлде өткөн эң жогорку таймаштардын бирине катышып, STEM колледжинин намысын коргоп, командалык духтун, тартиптүүлүктүн жана патриоттуулуктун чыныгы үлгүсүн көрсөттү. Мындай ийгиликтер студенттерибиздин көп кырдуу өнүгүүсүнө шарт түзүп, келечек муундарды дагы спортко жана активдүү жашоого үндөйт. STEM колледжинин жамааты Газыев Даниярбекти чын жүрөктөн куттуктайт жана ага келечекте да мындан да чоң ийгиликтерди, жеңиштерди жана бийиктиктерди багынтуусун каалайт!