2025-05-24 03:35:17 51
Тема: Өзбекстандык делегациянын STEM инновациялык колледжине расмий сапары 2025-жылдын 15-май күнү Өзбекстандын билим берүү тармагындагы өкүлдөр – Маргилон архитектура жана курулуш техникумунун директору Эгамбердиев Розикджон Фазилович, Маргилон туризм жана маданий мурас техникумунун директору Саримсоков Равшан Абдусаломович жана Андижан мамлекеттик университетинин Ханабад шаарындагы №2 политехникумунун директору Маматов Жалолиддин Лоьтибжанович баштаган окутуучулар тобу Ош мамлекеттик университетине STEM инновациялык колледжине расмий сапар менен келишти. Сапардын алкагында билим берүү процессин уюштуруу, инновациялык окутуу методдору, лабораториялык иштер жана тажрыйба алмашуу багытында жолугушуулар өткөрүлүп, бир катар кызматташтык меморандумдарына кол коюлду. Тараптар билим берүү багытындагы өз ара кызматташууну өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча өз ара макулдашууга жетишти. Меймандарды ОшМУнун Отро кесиптик билим беруу департаментинин директору м.и.к., доцент Мамажакып уулу Чынгызбек жана STEM инновациялык колледжинин директору, ф.и.к., доцент Абдылакимова Бегайым Кенжематовна баштаган окутуучулар жамааты жылуу тосуп алышты. Сапар жемиштүү өтүп, эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланышты жаңы деңгээлге көтөрүүгө негиз салды.