STEM ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА ДИРЕКТОРДУН КУБОГУ ӨТТҮ

2025-05-23 06:23:04 69

STEM ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА ДИРЕКТОРДУН КУБОГУ ӨТТҮ STEM инновациялык колледжинде адистиктер арасында волейбол боюнча Директордун Кубогу ийгиликтүү өттү. Бул турнир студенттердин ден соолугун чыңдоого, жамаатташууну бекемдөөгө жана спортко болгон кызыгууну арттырууга багытталган. Мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, командалар чеберчиликтерин жана жигердүүлүктөрүн көрсөтө алышты. Турнирдин жыйынтыгында төмөнкү оюнчулар өзгөчөлөнүп, мыкты наамдарды алышты: • Мыкты байланыштыруучу – Мируслан Эрменкулов • Мыкты либеро – Тайлаков Ооматбек • Мыкты тосмочу – Жумабай уулу Байгелди • Мыкты чабуулчу – Нуртилек Жумабаев • Мыкты оюнчу – Алахунов Сагынбай Жеңүүчү командалар төмөнкүдөй орундарды ээледи: • 1-орун – ПИЕс • 2-орун – ПИЕс • 3-орун – ЭС Бул спорттук иш-чара студенттерге зор шыктандыруу берип, дене тарбия менен машыгууга кызыгууну арттырды. Бардык катышуучуларды куттуктайбыз жана мындан ары да ушундай жаркын ийгиликтерди каалайбыз!