STEM ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ ФУТБОЛ БОЮНЧА ДИРЕКТОРДУН КУБОГУ ӨТТҮ

2025-05-19 08:44:12 77

STEM ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ ФУТБОЛ БОЮНЧА ДИРЕКТОРДУН КУБОГУ ӨТТҮ STEM инновациялык колледжинде адистиктер арасындагы спорттук иш-чаралардын алкагында футбол боюнча Директордун Кубогу болуп өттү. Турнир жогорку деңгээлде уюштурулуп, бардык командалар активдүүлүгү жана ынтымагы менен айырмаланды. Төмөнкү командалар турнирге активдүү катышты: • ТОРАТ командасы • АСОИУ 11-база • ТОСВТ командасы • ТМС командасы • АСОИУ 9-база командасы • ПГС командасы • ПИЕС 11-база Мыкты оюнчулар төмөнкү номинациялар боюнча аныкталды: • Мыкты дарбазачы – Эргешбаев Мирбек (ПИЕС 11-база) • Мыкты коргоочу – Кайыпов Эльмар • Мыкты чабуулчу – Усенбеков Элдос • Мыкты оюнчу – Абдумомунов Эржан Турнир жыйынтыгында жеңүүчү болуп төмөнкү командалар аныкталды: • 3-орун – ПИЕС 9-база • 2-орун – ПИЕС 11-база • 1-орун – ЭТЭАс адистиги Бул турнир студенттер арасында спортко болгон кызыгууну арттырып, достукту жана командалык духту чыңдоого чоң салым кошту. Бардык катышуучуларды куттуктайбыз жана алдыда дагы спорттук ийгиликтерди каалайбыз!