2025-05-01 15:00:02 130
STEM Инновациялык колледжинде аккредитациялоо иш-чарасы өткөрүлдү 2025-жылдын 29-30-апрелинде STEM инновациялык колледжинде адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн “ЭС” жана “ТОРАТ” багыттары боюнча аккредитациялоо иш-чарасы өткөрүлдү. Текшерүү иштери ААОПО аккредитациялык уюму тарабынан уюштурулган атайын комиссия тарабынан жүргүзүлдү. Комиссиянын курамы билим берүү жаатындагы эксперттерден түзүлүп, окуу программаларынын сапаты, окутуучулардын квалификациясы, материалдык-техникалык база, студенттердин жетишкендиктери жана практикалык даярдык деңгээли сыяктуу бир катар маанилүү критерийлер боюнча комплекстүү баалоо жүргүздү. Аккредитация процессинин максаты – билим берүү сапатын жогорулатуу, эл аралык стандарттарга шайкеш келүү жана студенттерге атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу болуп саналат. STEM инновациялык колледжи бул текшерүүнү билим берүү деңгээлибизди жана сапатыбызды өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк катары карайт.