“STEM колледжинде Science Week: илим, логика жана шыктандыруу жумалыгы”

2025-04-24 14:25:10 28

2025-жылдын 24-апрелинде STEM Инновациялык колледжинде илим жумалыгы — Science Week салтанаттуу түрдө ачылды. Бул иш-чарага бардык багыттагы студенттер катышып, өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүн, долбоорлорун жана чыгармачыл эмгектерин сунушташты. Ошондой эле катышуучулар жумалык боюнча иш-чаралардын программасы менен таанышты. Science Weekтин экинчи күнү логика күнү болуп, анда ар түрдүү адистиктеги студенттер арасында интеллектуалдык оюн өтөт. Кийинки күндөрү студенттер үчүн ар кыл тармактагы ишкерлер жана адистер менен болгон конок лекциялар уюштурулат. Алар студенттер менен өз тажрыйбалары жана ийгилик жолдору менен бөлүшүшөт. Ал эми илим жумалыгынын үчүнчү күнү өзгөчө болот — "Туризм" адистигинин студенттери Ош шаарынын көрүкту жерлерине экскурсия өткөрүп, экскурсовод катары өз кесиптик көндүмдөрүн көрсөтүшөт. Бул жумалык студенттер үчүн пайдалуу, кызыктуу жана шыктандыруучу болот деп күтүлүүдө!