Ачык сабак:

2025-04-24 12:01:01 24

2025-жылдын 24-апрелинде STEM Инновациялык колледжинде илим жумалыгынын алкагында "Электролиттер. Электролиттик диссоциация теориясы" деген темада химия сабагы боюнча ачык сабак болуп өттү. Сабакты химия мугалими Осмонова Айтгүл ЭСс9-1-24 жана ТОРАТс9-1-24 тайпалары менен өткөрдү. Сабакта студенттер электролиттердин касиеттери жана электролиттик диссоциация процесстери тууралуу теориялык жана практикалык маалыматтарды өздөштүрүштү. Окутуу процессинде интерактивдүү усулдар колдонулуп, студенттердин сабакка болгон кызыгуусу жогору болду. Ачык сабак жогорку деңгээлде өтүп, илим жумалыгынын мазмунун тереңдетүүгө жана студенттердин предметке болгон кызыгуусун арттырууга салым кошту.