Cisco Packet Tracer каражаты аркылуу компьютердик тармактарды моделдөө боюнча конок лекция

2025-04-18 11:04:28 125

2025-жылдын 17-апрель күнү “Колдонмо информатика” (тармактар боюнча) адистигинин 2-курс студенттери үчүн ИКД циклынын окутуучусу Дуйшеев Ноорузбектин “Эсептөө системалары, тармактар жана телекоммуникациялар” сабагынын алкагында ОшМУнун МФТИТ институтунун АССТ кафедрасынын улук окутуучусу Сейиказыева Гулнара эжеке “Cisco Packet Tracer каражатында компьютердик тармактарды моделдөө” деген темада конок лекция өтүп берди. Бул сабакта конок лектор катары Сейиказыева Гулнара эжеке студенттерге практикалык багыттагы мазмундуу лекция окуп, тармактарды моделдөөнүн ыкмалары жана колдонуу жолдору боюнча кеңири маалымат берди. Калган сабактар болсо туруктуу түрдө биздин кафедранын окутуучулары тарабынан өткөрүлдү.