"Компьютерные сети" боюнча практикалык ачык сабак

2025-04-16 13:39:06 48

2025-жылдын 16-апрель күнү STEM инновациялык колледжинин Информациялык технологиялар бөлүмүнүн окутуучусу Б.Т. Жусуева ТОСВТ9-1-24 (р) орус тилдүү тайпасынын студенттерине Офистик технологиялар дисциплинасынан "Компьютерные сети" темасында практикалык ачык сабак өттү. Сабак зманбап тиркемелер, интерактивдүү оюндар менен коштолуп кызыктуу уюштурулган. Ачык сабака Информациялар бөлүмүнүн башчысы доцент, А.Э. Сатаров, колледждин практика боюнча жетекчиси З.С. Касымова жана бөлүмдүн окутуучулары Н.А. Арыкбаева, С.А. Монуевалар катышып ой-пикирлерин билдиришип, ачык сабак өз максатына жеткенин жана мындан ары да колдонулган инновациялык технологияларды өнүктүрүү менен кесиптик педагогикалык чеберчиликте зор ийгиликтерге жетише беришине тилектеш экендерин белгилеп өтүштү.