Тема: **"Голография – үч өлчөмдүү дүйнөгө ачылган терезе" боюнча конок лекция**

2025-04-16 13:29:16 42

2025-жылдын 16-апрель күнү STEM инновациялык колледжинин "Профессионалдык дисциплиналар" бөлүмүнүн физика предметинин окутуучулары Садыкбекова А., Абдукадырова У., Токторбаева Г., Сулайман кызы Б. жана Аманбай кызы А. Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин Кесиптик колледжине барып "Голография -үч өлчөмдүү дүйнөгө ачылган терезе" аттуу конок лекция өтүп келишти. Конок лекцияда аталган окутуучулар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, студенттерге жана окутуучуларга кызыктуу маалыматтарды берип, голограммалык макеттерди жасатышты. Жыйынтыгында окутуучулар Кесиптик колледждин ыраазычылык баракчасы менен сыйланышты.