"STEM колледжинин ички мобилдүүлүк программасы: билим берүүдө жаңы кадамдар"

2025-04-16 05:49:38 41

Колледждер аралык ички мобилдүүлүк ОшМУнун STEM инновациялык колледжи акыркы жылдары ички мобилдүүлүк багытында активдүү иш жүргүзүп келет. Колледж Кыргызстандын ар кайсы аймагындагы кесиптик окуу жайлары менен кызматташтык түзүп, студенттердин башка колледждерде билим алуусуна шарт түзүүдө. 2025-окуу жылынын 14-апрелден 25-апрелге чейин билим жана тажрыйба алмашуу максатында Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжине “Информациялык-коммуникациялык дисциплиналар” циклынын “Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча)” жана “Колдонмо информатика (тармактар боюнча)” адистиктеринде окуган 2 - курстарынын студенттери жөнөтүлдү. Ушул эле адистиктерден 11 студент 15-апрелден 25-апрелге чейин STEM инновациялык колледжине келишти. Бул программа студенттерге IT адистеринен сабак алуу, техникалык базалар менен таанышуу жана башка чөйрөдө адаптация болуу мүмкүнчүлүгүн берет. Ички мобилдүүлүктүн артыкчылыктары: • Студенттер жаңы билим берүү ыкмаларын өздөштүрүшөт; • Ар түрдүү колледждердин тажрыйбасы менен таанышышат; • Жаңы социалдык байланыштар түзүлөт; • Эмгек рыногуна чыгууга болгон даярдык жогорулайт; • Өз алдынча жашоого жана чечим кабыл алууга үйрөнүшөт. STEM инновациялык колледжи өз студенттерин мындай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга чакырат жана ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр. Мобилдүүлүк — бул жөн гана билим алуунун башка формасы эмес, бул өсүү, өнүгүү жана келечекке инвестиция.