230110-ТОСВКТиКС адистигинин студенттери өндүрүштүк практика алдында

2025-04-12 09:09:38 73

2024-жылдын 11-апрель куну STEM инновациялык колледжинде 230110 ТОСВКТиКС адистигинин бүтүрүүчү курстун студенттерине окуу процессинин жадыбалына ылайык, Өндүрүштүк практикасына жөнөтүү алдында конференция уюштурулду. Конференцияга Информациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысы, доцент А.Э. Сатаров, окуу-усулдук кеңешинин төрайымы Н.П. Маликова, колледждин практика боюнча жетекчиси З. Касымова жана бөлүмдүн окутуучулары катышты. Конференцияда практика боюнча инструктаж, эреже-талаптар, милдеттер жана калыптандырылуучу компетенциялар менен тааныштырылып, студенттерден берилген суроолорго жооптор берилди. Өндүрүштүк практикасы 14.04.2025ж.-12.05.2025ж. аралыгында төрт жумалык мөөнөттө, бөлүмдөн бекитилген практика жетекчилери, окутуучулар жана ишкана-мекемелердеги адистердин кеп-кеңеши жана көзөмөлүндө жүргүзүлөт.