2025-04-09 11:45:42 128
2025-жылдын 8-апрелинен Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн ЭС, ТОРАТ, ЭТЭА, РМТ адистиктеринин бүтүрүүчү группалары квалификациялык практика өтөө максатында ОшПЭС, РЭС,ТЭЦ, Сулайман – Тоо РЭС, Южный техосмотор, Кыргыз унаа курулуш, ГЭТ тейлөө борбору, Сулайман- Тоо тейлөө борбору, Каскад-Ош ЛТДга жөнөтүү үчүн конференция болуп өттү. Конференцияга бөлүмдүн практика жетекчилери Атаханов Хуснутдин Мухтарович, Султанов Сайит Кожонович, Жусубалиева Айнагуль Жумабаевна, колледждин практика боюнча жооптуусу З.С. Касымова катышышты. Конференцияда техникалык коопсуздук эрежелери тааныштырылды.Практика жетекчилери студенттер менен тыгыз байланышта болуп, процессти көзөмөлдөп турат. Ош ПЭС ишканасы студенттерди кабыл алып, техникалык коопсуздук боюнча биричи инструктаж өтүлдү. Квалификациялык практика — бул студент үчүн жаңы билим, жоопкерчилик жана келечекке болгон ишеним. Студенттердин эмгекчилиги жана аракеттүүлүгү аларга жакшы жыйынтык алып келет деген ишеничтебиз.