“Кут дүйнө” фалеристикалык көргөзмө-лекциясы

2025-04-09 11:24:53 109

2025-жылдын 8-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин STEM-инновациялык колледжинде Кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Мурзакметов Абдымиталип Камытович “Кут дүйнө” аттуу фалеристикалык көргөзмө-лекция өттү. Көргөзмө-лекцияда фалеристиканын илимий жана маданий мааниси тууралуу маалыматтар берилип, ар кыл доорлорго жана тарыхый учурларга таандык ордендер, медалдар, сыйлыктар көрсөтүлдү. Иш-чарага студенттер жана окутуучулар активдүү катышып, кызыктуу пикирлер жана талкуулар орун алды. Бул көргөзмө-лекция — жаштарды тарыхый эстеликтерди баалоого, улуттук мураска болгон кызыгуусун арттырууга багытталган маанилүү маданий иш-чаралардын бири болду.