ЖАМУГА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ИШ САПАРЫ.

2025-04-05 07:57:31 154

2025-жылдын 3-апрелинде STEM инновациялык колледжинин директору, ф.и.к., доцент Абдылакимова Б. К. "Профессионалдык дисциплиналар" бөлүмүнүн башчысы, г.и.к., доцент Сатыбалдиев Б.С. колледждин Эл аралык байланыштар боюнча директордун орун басары Орунбаев М. С. жана ветеринария адистигинин окутуучулары Ормонкулов Т., Калинникова А., Сыдык к Ы. жана ВТс-1-24, Втс9-1-23 тайпаларынын студенттери Жалал-Абад шаарындагы ЖАМУнун Табигый-техникалык факультетинин "Ветеринардык медицина" адистигине мобилдүүлүк иш сапары жана тажрыйба алмашуу боюнча барышты. Мобилдүүлүктүн негизги максаты – тажрыйба алмашуу жана студенттердин кесиптик билимин тереңдетүү. Сапардын алкагында STEM инновациялык колледжинин окутуучусу Тагайбек Топчубаевич тарабынан студенттерге Ветеринария кесибине даярдыктын мааниси жана лабораториялык тажрыйбанын ролу тууралуу маалымат берди. Андан соң студенттер үчүн "Бактериология жана серология" лабораториясы көрсөтүлүп, материалдык-техникалык базасы боюнча тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду. Бул иш-чаранын жыйынтыгында эки окуу жайдын ортосундагы илимий-педагогикалык кызматташтыкты бекемдеп, студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, окутуунун заманбап ыкмаларын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.