2025-02-24 04:03:00 180
2025-жылдын 20-февраль күнү STEM инновациялык колледжинин Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан "Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо" , "Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) адистиктеринде окуган студенттердин ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү. Иш чаранын негизги максаты окутуучу, студент жана ата-эне менен, окууда, тарбияда жана окуу жайдын ар кандай максаттагы өтүлгөн иш чаралар менен тааныш болуусу. Ата-энелер менен тыгыз иштөө, алардын койгон сунуштарды эске алуу менен, студент дагы көзөмөлдө болуп, окууда ийгиликтүү жетишкендиктер ишке ашат. Бул иш-чарада төмөндөгү маселелер каралды: 1. Окуу пландар жана мамлекеттик стандарттар боюнча. 2. MyEDU программасынын иштөөсү жөнүндө. 3. Студенттердин окуудагы жетишкендиктери. 4. Жүрүм-турум тарбиясы. 5. Ар түрдүү маселелер. Бул иш-чаранын аягында окууда жакшы жетишкендиктерди көргөзгөн студенттердин ата-энелерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Мындай жолугушуулар мындан ары да улантылмакчы.