2024-12-27 05:23:23 267
ОшМУнун окутуучуларынын 32-спартакиадасы жыйынтыкталды Ош мамлекеттик университетинде окутуучулар арасында өткөрүлгөн 32-спартакиада өз жыйынтыгын чыгарды. Бул иш-чарада биздин STEM инновациялык колледжинин жамааты жогорку ийгиликтерди жаратып, жалпы командалык эсепте 2-орунга ээ болду. Мындан сырткары, биздин мугалимдер спорттун бир нече түрү боюнча да жеке номинацияларда жеңүүчү болушуп, колледжибиздин ар-намысын татыктуу коргошту. Жеңүүчүлөрүбүздү чын жүрөктөн куттуктайбыз жана аларга мындан ары дагы жаңы жетишкендиктерди каалайбыз! STEM инновациялык колледжи – ийгилик жолунда!